316173152 514781547361243 2929001536037771453 N

Баткендиктер үчүн АКШдан гуманитардык жүк жүктөлгөн учак келди

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Баткендиктер үчүн АКШдан гуманитардык жүк жүктөлгөн учак келди.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын алкагында келди.

АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсиндеги гумжардамга керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди.

Жүк жакынкы күндөрү ӨКМ тарабынан жабыркагандарга бөлүштүрөт.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email