6386d8c2d548d

Японияда Кыргызстандын суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары өттү

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. КРнын өкмөттүк делегациясынын Японияга жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган.

Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email