Whatsapp Image 2022 11 30 At 12 28 29.730x0

Россиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва шаарындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун бюросунун директору Марина Шрамм менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар кыргызстандыктардын аялуу категорияларына, атап айтканда, балдарга жана аялдарга зарыл жардам көрсөтүү, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди азайтуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган күч-аракеттерди мындан ары да консолидациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email