4.730x0

Варшавада кыргыз-поляк парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Варшава шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Польша парламентинин сенатынын “Польша – Кыргызстан” достук тобунун төрагасы Ян Филип Либицки менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Айбек Молдогазиев ар бир мамлекеттин динамикалуу демократиялык өнүгүүсү үчүн мыйзам чыгаруу бийлигинин ролун жана польшалык парламентаризмдин бай тажрыйбасын эске алуу менен ченем жаратуучу ишмердүүлүктө тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Польшанын парламентарийлеринин ортосунда сапарлар менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, мында Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги жана Польшанын парламентиндеги достук топтору негизги ролду аткара тургандыгы айтылды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email