Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Ташкентте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форумунда Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова Каракол КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербург шаарынын жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Гулназ Орозова өз сөзүндө 2022-жылдын ичинде Каракол шаарында 20дан ашык ар кандай маданий иш-чаралар, чыгармачылык жолугушуулар, сынактар жана КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү эстрада жана классикалык аткаруучуларынын гастролдору өткөнүн баса белгилеп, жыл жемиштүү жыйынтыкталганын айтып, мындан ары маданий борбордун сапары байсалдуу болсун деп билдирди.
Ал эми, Санкт-Петербург шаары маданий борбор катары учурда даярдыктарды көрүп жатканын белгилеп, шаар турмушу жана маданий баалуулуктарга токтолуп, шаар тууралуу кыска видео баян сунуштады.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алган.