Кыргызстанда дипөкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн эмдөө башталды

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча, республикада Индия, Пакистан, Тажикстан жана Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүн эмдөө башталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы 33 миң 548 адам эмдөө алды, анын ичинен 15 миң 980и медицина кызматкерлери, 5 миңи билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, 3 миң 786сы 65 жаштан жогорку жарандар, 500 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 870 мамлекеттик кызматкерлер, 7 миң 549 – өз эрки менен алгандар.

“Эмдөөнү ушул айдын аягына чейин бүтүрүү пландалуудалып жатканын белгилей кетким келет”, – деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда ТИМ 3-майда Бишкекте катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин эмдөө башталганын билдирген.

“Буга чейин дипөкүлчүлүктөрдөн жана эл аралык уюмдардан кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмдөө жүргүзүү ниетин билдирген 7 кайрылуу келип түшкөн”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email