Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. 16-июлда «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Завальный жана КРнын Бильярд федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Азамат Жаманкулов бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтүп жатышы менен куттуктап, мыкты спортчулардын өлкөгө келиши чоң сыймык экендигин блдирди:

“Бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну. Физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кылат. Чемпионатты жогорку деңгээлде уюштуруу менен сиздердин эсиңиздерде кала турган иш-чарага айландыруу максатын көздөйбүз. Баардыгыңыздарга ийгилик!”, – деди министр.

Белгилей кетсек, чемпионатка жалпы 20га жакын өлкөдөн, 200дөй спортчу катыштып жатат. Буга чейин 12-16-июль күндөрү 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Ал эми дүйнө чемпионаты 20-июлга чейин уланат.

Мелдешти КТРК Спорт телеканалынын түз эфирде көрсөнүздөр болот.

Kategoriler
Kabar

Бишкектен Санкт-Петербург шаарына авиакаттардын саны көбөйтүлдү

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бишкектен Санкт-Петербург шаарына авиакаттардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.

Ошондой эле «Бишкек-Санкт-Петербург-Бишкек» багыты боюнча авиакаттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да жумасына бир жолу (ишемби күнү) аткарып келет.

Kategoriler
Kabar

Министрлер кабинетинин төрагасы: Дүйнөлүк фондулук рынокторго чыгууга ниеттенүүдөбүз

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Биз дүйнөлүк фондулук рынокторго чыгууга ниеттенүүдөбүз. Дүйнөлүк рынокко чыккан өлкө ыкчам экономикалык өсүү жолунда болот. Эгерде бизде капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн ири компаниялар болсо, алардын эл аралык рынокко чыгуусу оңой болот. Ал үчүн биз үч ири: «Кыргызиндустрия», «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдинги жана «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» акционердик коомун түздүк. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи терс эмес болсо да, 4,1% га басаңдашы күтүлүүдө.

«Бул COVID-19 пандемиясынын жана геосаясий кырдаалдын натыйжалары. Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи 0,1%га басаңдаса дагы, биз сыяктуу чакан мамлекет үчүн анын таасири байкаларлык болот. Ошондуктан биз күчтөнүшүбүз керек», – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал өнөр жайды модернизациялоону жана 100% мамлекеттин катышуусу болгон чарбалык объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында «Кыргызиндустрия» акционердик коому түзүлгөндүгүн кошумчалады

«Учурда 100 долбоордун 32си активдүү иштелип чыгууда, 14 долбоор ишке ашырылууда. Мисалы, тигүү аксессуарлары тармагындагы ишкана, компьютердик тетиктерди жыйноочу ишкана, мыктарды жана арматураларды импорттоочу ишкана. «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдинги ишин баштап, учурда пайдалуу кендерди казуу тармагында 32 ири долбоорду ишке ашырууда. Ошондой эле уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлдү. Чоң иштер башталып, долбоордук наркы 70 жана 100 млн АКШ долларын түзгөн бизнес-пландар каралууда», – деди Акылбек Жапаров.

Kategoriler
Kabar Uncategorized

Садыр Жапаров: Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосун камсыз кылуу

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Ушул залда отурган баарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттеги коопсуздукту камсыздоого, коомдогу өзгөрүүлөргө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл аралык мамилелердин оң болушуна жооптуубуз.

Мамлекеттик кызыкчылык – баарынан бийик!

Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү.

Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек.

Эл күткөн ишенимдүү жолду, бирдиктүү позицияны табууну көздөгөн, бири-бирибизге ишенген команда азыр элге кызмат кылып жатат деп мен терең ишенем.

Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди элге расмий жарыялаганбыз.

Бүгүн андан берки 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз.

Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат.

Мурдагыдай «эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек» деген кадрлар арабызда болбоого тийиш.

Азыр уктап жатчу учур эмес.

Мен ар дайым ачыкмын.

Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпеймин.

Бардык суроолорго түз эле, ачык жоопторду берип келемин.

Өткөндө Бакыт Эргешович, башкы прокурор Курманкул Токторалиевич, ички иштер министри Улан Омокановичтер аймактарды кыдырып келишти.

Бугун да кыдырып кетишти.

Мындан ары бул салт улантылат.

Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат.

Ал эми айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди «бүгүн эмне иш кылгандыгы боюнча» жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин. Ай сайын отчет берип туруңуздар. Облуста, өзүңүздөрдүн аймактарда жасалган иштер тууралуу элге жана массалык маалымат каражаттарына маалымат берип туруңуздар.

Урматтуу жетекчилер!

Өткөн жылы биз конституциялык өзгөрүүлөр менен бирге, бардык тармактардын өнүгүүсү боюнча атайын жарлыктарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, кабыл алдык.

Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк.

Шайлоолорду өткөрдүк.

Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык.

Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм.

Эми мындан ары – саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар !

Сөзүмдү алыстан баштайын.

Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турабыз.

Дүйнө өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышканбыз.

Дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепети бизге да тийди, ар түрдүү санкциялардын кесепети да тийбей калган жери жок.

Жана башка көп нерсени айтсак болот. Биз да дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып келебиз.

Биринчиси – Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен.

Биз да ушул программага киргенбиз.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган.

Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50%га жеткирди.

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү – мамлекеттик органдардын жана Министрлер Кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат.

Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индикаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыккан.

Жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо демилгелерибиз Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бир компоненти экендигин белгилеп кетким келет.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Экинчиси – Евразия экономикалык бирлиги.

Бул – биз байланышкан дүйнөдөгү орду бар дагы бир чоң уюм.

Бул уюмга мүчө болуп турушубуздун өзү биздин өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экендигибизди дагы бир жолу тастыктайт.

Глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планкага чыгууда.

Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турабыз.

Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек.

Учурдан пайдаланып айткым келет, Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер Кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратканын белгилейм.

Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет.

Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч.

Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат.

ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт.

Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү.

ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.

Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.

Муну баса белгилеп айтышыбыз керек.

Экинчиден, адам ресурсу – биздин башкы байлыгыбыз.

Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын кыргыз жеринде кор болбой, жакшы жашоосун камсыз кылуу.

Муну мен көп жолу айтып келем.

«Элдин курсагы ток болсун, кийими бүтүн, жашаган жери жайлуу, татынакай, таптаза болсо экен»,- деп биз ушундай мамлекеттик артыкчылыктарга басым жасап жатабыз.

Ал үчүн: айлыктарды, пенсия-жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз.

Аларга эле быйыл ондогон млрд кошумча каражаттарды таап,

жумшап жатабыз:

1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк.

1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз.

Бул үчүн 10 млрд сомго жакын каражат керектелет.

Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Прокуратура, Чек ара жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтарынын,

Соттук-экспертиза ж.б. баарын көтөрүп, айлыктарын теңдедик.

Үйдө тынч болсо, туруктуу киреше болсо, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз.

«Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм.

Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек.

Улуттук статкомитеттин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2% га өскөн.

Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм.

Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт.

Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок.

Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болду.

– Салыктык кирешелер – 104,5 млрд сомду түздү.

– Салыктык эмес кирешелер – 25,3 млрд сом;

– Трансферттер – 3,7 млрд сомду түздү.

Негизги киреше салыктык кирешелерди чогултуудан,

– Салык кызматы 72,8 млрд сомду,

– Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту.

Салыштырып көрүңүздөр, пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан.

Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жаткандыгыбызды көрүүгө болот.

Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм.

«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат.

Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот.

Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы.

Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам.

Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик.

Бул максат ар бир министрлер кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек.

Мен жана Министрлер Кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу.

Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок”.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кулубаев менен Норов эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышкан.

“Алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты”, – деп айтылат маалыматта.

Kategoriler
Kabar

Ысык-Көлдө жаштар арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 19 жашка чейинкилер арасында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнө биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мелдеш “Газпром – балдарга” комплексинде өтүүдө.

Спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын бильярд спорту федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов жана Эл аралык “Пирамида” бильярд конфедерациясынын башкы катчысы Фирсов Яков катышты.

Биринчиликке Кыргызстан, Казакстан, Россия, Түркмөнстан жана Беларустан келген спортчулар катышууда.

Белгилей кетсек, 19 жашка чейинкилер арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги 15-июлга чейин уланат. Ал эми 16-20-июль күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында дүйнө чемпионаты өтөт.

Kategoriler
Kabar

Текебаев ГФРдин Эл аралык байланыштар департаментинин директору менен жолукту

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. 11-июлда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш-сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл-аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө жана эң жогорку деңгээлдеги иш-сапарларды уюштурууга кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Элчи Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясынын демилгечиси катары Кыргызстанда жогору баалангандыгын белгиледи.

Сильберманн белгилегендей, Федералдык президент Штайнмайер Борбордук Азия менен жакшы тааныш жана бул аймак ал үчүн чоң мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар пландарды ишке ашыруу максатында үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашты.

Kategoriler
Kabar

“Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү англис тилине которулду

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда “Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англисчеге которулгандыгы маалым болду. Профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул бет ачардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приорго кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.

Азамат Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана “Манас эпосун” эмес, кыргыз элинин салттуу маданиятын, жашоо турмушун, үрп-адаттары менен кеңири тааныша аларына ишенем деди.

“Көкөтөйдүн ашы” – “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3 319 сап ыр.

Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбайт

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбай тургандыгын эске салат.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Чек ара кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ММСЖСМ жана «Манас» эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу 1-майда күчүнө кирген. Ага ылайык, КР жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстан менен чек арадан терс ПЧР-тестти жана COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат.

“Бирок ПЧР-тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан өлкө тарабынан талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу эрежелери менен таанышуу маанилүү. ПЧР-тест зарыл болгон учурда, аны милдеттүү түрдө аэропортко тапшыруу талап кылынбайт. Сиз мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшериле аласыз”, – деп айтылат маалыматта.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда жарым жылда азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин өсүүсү жалпысынан 9,1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, муну менен катар тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктар 12,5%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөн.

Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган.