Kategoriler
Kabar

Кулубаев Синдзо Абэнин элесине арналган көңүл айтуу китебине билдирүү калтырды

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып, мурунку премьер-министр Синдзо Абэнин жаркын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, эскерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Анын көрүнүктүү саясатчы, дипломат, ачык, ишенимдүү жана боорукер өнөктөш катары жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жашайт. Бул Кыргызстан жана Япония үчүн оор жана орду толгус жоготуу. Синдзо Абэ биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн чоң салым кошту. Абэнин үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулук каалайм», – деди Жээнбек Кулубаев.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда Жээнбек Кулубаевге элчиликке келип көңүл айткандыгы үчүн жана келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $1,5 млрд түздү

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2022-жылдын январь-май айларында 1,5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу көлөм 45%га көбөйгөн, муну менен катар экспорттук ташуулар 4,1%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,6 эсеге өскөн.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1,5 млрд долларды түзүп, бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21,2%га өскөн. Анын ичинде экспорттук ташуулар 49,7%га, ал эми импорт 12,8%га көбөйгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 68,6% жана Казакстанга – 29,3% туура келген.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда I жарым жылдыкта ИДПнын көлөмү 335 млрд сомду түздү

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 335 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 309 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 3,9%ды түзгөн.

Орозбаева ИДПнын өсүшү өнөр-жай, курулуш, тейлөө кызматы жана айыл чарба сектору тарабынан камсыздалды.

Kategoriler
Kabar

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын өкмөтүнүн сайты жазып чыккандай, өкмөт башчылары соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мишустин менен Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан менен Казакстандын медиа өкүлдөрү ортосунда футболдук беттеш өттү

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын медиа өкүлдөрүнөн куралган Top team KG жана One game командаларынын ортосундагы футболдук оюн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Беттеш министрликтин #Келечек платформасынын алкагында колдоого алынып, расмий ачылышына маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Оюн эки өлкөнүн достугун жана тилектештигин бекемдөө максатында уюштурулуп, дени сак жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында футбол оюнун кеңири таратууну көздөдү.

90 мүнөткө созулган оюнду Казакстандын командасы жеңип алды.

Kategoriler
Kabar

Алгачкы чет өлкөлүк үч компания КНС төлөөчү болушту

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары МСКнын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Азыркы учурда тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

Белгиленгендей, КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанга япониялык Advanced Material Japan компаниясынын өкүлдөрү келди

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-июлунда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамуранын жолугушуусу болуп өттү (Shigeo Nakamura).

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер каралды. Шигео Накамуранын айтымында, учурда Япония инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат.

Япониялык компаниянын өкүлүнө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын башкаруучусу болгон «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берилди. Аталган жапониялык компаниянын ишмердүүлүгүнө жакын болуп саналган сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбоору Шигео Накамуранын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Жапония сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүүнү диверсификациялоого кызыкдар экендиги, ал эми Кутессай-II долбоору өз кезегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү мындай объектилердин арасынан өндүрүшкө алуу баскычына жакын экени белгиленди.

«Биз алдыңкы технологияларды алууга, инвестицияларды тартууга кызыктарбыз жана биздин мамлекеттерибиз үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», – деп белгиледи «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти.

Жолугушуу «Кумтөр» компаниясынын жана «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын жаңы кеңсесинде өттү, андагы шарттар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Маалымат: Advanced Material Japan Corporation (AMJ) — Япониядагы алдыңкы соода компаниясы жана дистрибьютору. Компания сейрек кездешүүчү металлдарга, вольфрам концентратына, оксиддерге жана вольфрам буюмдарынын дагы башка түрлөрү боюнча адистешкен. AMJ ошондой эле молибден, титан, тантал, ниобий, ферросплав жана башка сейрек кездешүүчү металлдар рынокторунда күчтүү позицияга ээ. Компания өндүрүштө чоң тажрыйбага ээ, анын тарыхы Chori Advanced Material Ltd компаниясынан баштап, 2004-жылы негизделген AMJ компаниясы менен уланат. Компаниянын башкы кеңсеси Токиодо жайгашкан, Пекинде, Шанхайда, Москвада, Владивостокто, Торонтодо, Ханойдо жана Улан-Батордо өкүлчүлүктөрү бар.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кечээ, 4-июлда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Тобиас Линднер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун кыска жана орто мөөнөттө өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери жана негизги багыттары талкууланды.

Тараптар акыркы 30 жылда болуп келген кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин баса белгилеп, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана ар-түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү максатында иш-сапарларды уюштуруу жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландарын талкуулашты.

Элчи Текебаев Германия дүйнөдө алдыңкы саясий борборлордун бири экендигин жана Кыргызстан саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда активдүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Министр Тобиас Линднер 2022-жылдын июнь айында Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин түзүлүшү жана биринчи отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, германиялык тараптын ар түрдүү тармактарда кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Тараптар кыргыз-герман мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатында саясий диалогду улантууну макулдашты.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 48 учуру катталды

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирустун 48 учуру катталды.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, 48 адамдын ичинен үчөө ооруканада. Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Катталган учурлардын тогузу Россия, Түркия, Өзбекстан жана АКШдан келген адамдардан аныкталган.

Өткөн жумада коронавирустун 19 учуру катталган. Ал эми пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 201 миң 101 адам ооруган.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда Борбордук Азия лидерлеринин Консультативдик жолугушуусу өтөт

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эки өлкө башчылары кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

“Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.