Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы аяктады — сүрөт

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ Кыргыз улуттук филармонияда салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти өттү.

Иш-чара мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевдин катышуусунда өттү.

Кыргызстанда аталган майрам быйыл 18-жолу белгиленип, ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Жумалык маданий жана илимий бөлүктөрдөн туруп, аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурду.

Мындан сырткары, “Түрксой “ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев куттуктоо сөз сүйлөп, аталган иш-чараны түрк тилдүү мамлекеттердин маданий иш-чараларынын катарына кошо турганын белгилеп, 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаарында “Салттуу музыка күнү” белгилене турганын жарыялады.

Ошондой эле Раев салттуу музыка өнөрүн алып жүргөн белдүү өнөр ээлерин “Түрксой” эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары менен сыйлады.

Kategoriler
Kabar

Илон Маск Twitter компаниясын 44 млрд долларга сатып алды

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter компаниясын 44 млрд долларга сатып алды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.

Twitter компаниясынын ар бир акциясы үчүн Маск 54,2 доллар төлөп, жыйынтыгында ал сумма 44 млрд долларга жеткен.

Илон Маск аталган компанияны дагы жакшыртарын билдирген.

Kategoriler
Kabar

Сеулда Бишкек – Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-апрелинде Кыргызстандындагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Бишкек-Инчхон-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси Түштүк Кореянын авиакомпаниясына пандемия учурунда эки өлкөнүн жарандарын ташууга жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгына белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Гён компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстандын пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди. Учурда 29 учактын ичинен 7 гана учак ар кайсы багытта учарын билдирди.

Ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында алыскы учуу үчүн жаңы учактарды алуу пландалууда, алар авиациялык коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүшү керек жана Президенттин пикиринде 2023-жылы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда.

T’Way президенти авиакомпания туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылганын билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү болорун белгилешти.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандын павильону Италияда өткөн 59-Эл аралык Венеция сүрөт көргөзмөсүнө алгач ирет коюлду

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчилиги “La Biennale di Venezia – 2022” 59-Эл аралык Венеция сүрөт көргөзмөсүндө биринчи жолу коюлган Кыргызстандын Улуттук павильонунун ачылышына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев сөз сүйлөп, тартууланган инсталляциянын бардык элементтерин даярдоодогу мыкты эмгеги үчүн маданияттын отличниги, дизайнер жана сүрөтчү Нурзат Жээнбек кызына, Кочкор шаарындагы «Алтын-Көл» бирикмесинин кол өнөрчүлөрүнө, Кыргызстандын өнөр жайынын өкүлдөрүнө, Кызыл-Туу айылынын боз үй чеберлерине, Каракол шаарынын «Бир продукт – бир айыл» бирикмесине, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине иш-чараны уюштурууга жана кыргыз улуттук кийимдерин камсыздоого көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Көргөзмөнүн куратору Ж.Ради менен сүрөтчү Ф.Фарман Фармаяндын Кыргызстандын дүйнөлүк маанидеги көргөзмөгө катышуусун уюштурууга максималдуу көмөк көрсөткөн салымын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Италияда жана Улуу Британияда жашаган жарандарга павильонду көргөзмөгө даярдоого кошкон салымы жана павильондун ачылыш программасына катышкандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыктар айтылды.

Улуттук павильондун ачылышынын алкагында кыргыз кол өнөрчүлөрү тарабынан жасалган, борбордук элемент катары тундуктөн, ошондой эле боз үйдүн ички жасалгасынын шырдак, кийиз сыяктуу пано түрүндөгү элементтеринен турган инсталляция көрсөтүлдү.

Иш-чаранын маданий программасы Италияда жашаган мекендештер М.Жумалиевдин “Манас” эпосун айтуусу жана И.Жаныбердиевдин “Көйрөң күү”, “Ак тамак, көк тамак”, “Маш ботой”, сыяктуу белгилүү комуз чыгармаларынын аткаруусу, ошондой эле Улуу Британиядан келген мекендеш Г.Хамранын кыргыз элинин салттуу турмушу жана кол өнөрчүлүгү тууралуу аңгемеси менен уланды.

Соңунда бардык коноктор кыргыздын улуттук ашканасынын даярдалган тамактарынан даам татууга чакырылды.

Кыргызстандын Улуттук павильону 2022-жылдын 23-апрелинен 28-ноябрына чейин Giudecca Art District көркөм галереясындагы Венеция көргөзмөсүнүн бардык коноктору үчүн ачык.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Венециядагы Кыргызстандын Улуттук павильонунда Кыргызстандын жети дубанын символдоштурган жети сүрөттөлүштөн турган “ТҮНДҮК КӨЗҮ” деп аталган улуттук көркөм NFT биринчи коллекциясынын бет ачары «ILGERI Projects» фондунун директору Э.Абдыкалыков тарабынан күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: Венеция көргөзмөсү 1895-жылы негизделген жана заманбап искусствонун, архитектуранын, кинонун, бийдин, музыканын жана театрдын жаңы тенденцияларын изилдөө жана жайылтуу үчүн эң абройлуу маданий аянтчалардын бири.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандыктар 6 күн катары менен иштеп, бир жумадан ашык эс алышат

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда келе жаткан ишемби – 30-апрель иш күнү болот.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекеме, уюмдардын кызматкерлери 1-9-майга чейин эс алышат.

30-апрель (ишемби) эс алуу күнү 4-майга, 14-май (ишемби) 6-майга жылдырылды.

Kategoriler
Kabar

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде, “Манас” эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызын Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 19-24-апрель күндөрү Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү. Анда Айпери Медет кызы алтын медаль, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова күмүш байгенин ээси болушту.

Спортчулар улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Болонья шаарынын мэри менен кызматташтыкты сүйлөштү

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 20-апрелде Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин демилгеси менен элчи Таалай Базарбаевдин Болонья шаарынын мэри Маттео Лепоре жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жооптуу вице-мэр Анна Лиза Бони менен жолугушуусу өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылы Кыргызстан менен Италиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн, ошондой эле Бишкек менен Болоньянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн алкагында элчи Базарбаев санариптик жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен эффективдүү муниципалдык башкаруу маселеси, ошондой эле “Акылдуу шаарлар” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Болонья шаарынын мэри Лепоренин Кыргызстандын борбор калаасына иш сапарын уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле Базарбаев делегациянын курамына Италиянын ишкер, маданий жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн киргизүүнү сунуштады.

Мэр Лепоре жана вице-мэр Анна Лиза Бони Бишкекке сапарын уюштуруу маселесин карап, иш тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошону менен бирге Кыргызстандын университеттери менен Европадагы эң эски университеттердин бири болгон Болонья университетинин ортосунда байланыш түзүү аркылуу билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү сунушталды.

Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууну белгилешти.

Kategoriler
Kabar

КРнын Екатеринбургдагы башкы консулу Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-апрелиндеКыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинде өткөн Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумга Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору В.А.Бублик, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлү А.В.Харлов, Борбордук Азия мамлекеттеринин Екатеринбургдагы башкы консулдары катышып, ал эми чет мамлекеттердин бир катар ЖОЖдордун жетекчилери видеоконференцбайланыш форматында кошулду.

Форумдун алкагында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн эл аралык тармактык университеттик программасы болуп саналган Universal Students Legal Assistance (USLA) долбоорун түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев катышып, Келишимге кол койду.

Башкы консул Р.Бийбосунов Форумдун катышуучуларын жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык тармактык университет программасынын ишке кириши жана Келишимге кол коюлушу менен куттуктады. USLA долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу юридикалык жардам көрсөтүүчүлөр үчүн да, ал жардамды алгандар үчүн да маанилүү болот деген ишенимин билдирди. Себеби, бул Макулдашууда көрсөтүлгөн жардамды жөнөкөй жарандар, студенттер жана социалдык жактан аярлуу катмардын өкүлдөрү алышат.

Ошондой эле Р.Бийбосунов Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору А.Бублик менен болгон талкуунун жыйынтыгы менен Свердлов облусунда жүргөн Кыргызстандын жарандары университеттин юридикалык клиникасынан укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги боюнча оң жооп алды. Жакынкы арада башкы консулдук менен университеттин юридикалык клиникасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыгат.

Kategoriler
Kabar

Быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түздү – көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түзөрүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн.

Муфтият Сауд Аравиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги квотаны чет өлкөлүктөргө дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу чукул бөлгөндүктөн, САП ажылыкты уюштурууда авиакомпаниялар, САПтагы аваит, жатакана, тамак-аш, автобус жана башка чымдарына тиешелүү бардык келишимдерди түзүүгө 15-майга чейин мөөнөт берилгендигин маалымдайт.

“Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Аравиясы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттап кетүүсү мүмкүндүгү бар экендигин эске алуу менен бүгүн, 21-апрелде, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4500 АКШ доллары деп бекитти. Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Муфтияттан кошумчалашкандай, ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькулацияда көрсөтүлгөн 4500 доллар төмөндөп кетсе, ажылыкка акчасын төлөгөн талапкерлер айырмасын кайтарып алышат. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькуляция 4500 АКШ долларынан жогорулап кетсе, акчасын төлөгөн талапкерлер кошумча төлөмдөрүн төлөп калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия 2766 квота бөлдү.

Kategoriler
Kabar

Президент креативдүү экономиканы өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кыргызсатндын президенти Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялады. Мындан тышкары, 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында Креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу Жарлык өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

Соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, ошондой эле элдин тарыхый-маданий каада-салттарын сактоо менен калктын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн монетизациялоого мүмкүндүк берүүчү экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында активдүү өнүгүүдө.

Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Креативдүү экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;

– креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;

– Креативдүү индустриялар паркын түзсүн;

– 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, Креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Кыргыз Республикасынын Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.