Kategoriler
Kabar Uncategorized

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси казакстандык Мадина Бакбергенова болду. Күрөш башталганда эле Жуманазарова күчтүүгүлүн көрсөтүп, бир-эки упайдан алып жатып, 5:0 эсебинде утуп алды.

Кийинки кореялык Сужин Паркты кыргызстандык спортчу ары-бери оодарып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды. Мындан улам Мээрим Жуманазарова жарым финалга көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 2021-жылы Токио Олимпиадасынын коло байге ээси жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле Казакстандагы өткөн мелдеште Азия чемпиону болгон.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
Тынар Шаршенбеков – 63 кг;
Акжол Махмудов – 77 кг.
Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков – 72 кг;
Үзүр Жузупбеков – 97 кг;
Роман Ким – 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда 2022-жылдын I кварталында экономиканын бардык тармагында өсүш байкалды

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын I кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-мартында ИДПнын көлөму 4,5%га өскөн.

Ошентип, 2022-жылдын биринчи кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды.

Январь-март айларында айыл чарбасында 35,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2,3%ке көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын I кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52,6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114,7%ды түздү.

Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү өнөр жай тармактарында белгиленген: мунай продуктуларын өндүрүү (+31,8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25,5%), фармацевтика (+21,3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20,3%, тамак-аш өнөр жайы (+14,1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5,8%).

“Курулуш сектору дагы оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2,2%ды түздү. Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11,8%) жана чекене (+7,3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай 43,9% өстү.

Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер жана башка) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3,4 млрд сомду түзүп, 7,7%га өстү. Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8,1 пайызга өсүп, 6,3 миллиард сомго жеткен.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 349,5 миллион АКШ долларын түзүп, 1,6 эсеге өстү.

2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3,8%га өсүп, 246,3 млн долларды, импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү дээрлик эки эсеге (191,3%) көбөйүп, 1103,2 млн долларды түзгөн.

Kategoriler
Kabar

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасы салтанаттуу маршы болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Kategoriler
Kabar

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик Бажы кызматы 2022-жылдын I кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү. Бул 2021-жылдын I кварталына салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168,3% түзгөн.

Ошентип, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109,2% аткарылган же 1,2 млрд сомго көп чогултулган.

Kategoriler
Kabar

Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга учуп кетти — коштоп кеткендердин тизмеси

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжан Республикасынын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

– президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

– президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

– Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;

– айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков;

– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– экономика министри Данияр Амангельдиев.

Kategoriler
Kabar

Эртең салттуу музыка жумалыгы башталат. Иш-чарага 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкекте 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 25-апрель – салттуу музыка күнүнө карата 20-25-апрель аралыгында жумалык өтөт.

“Эртең саат 10:00дө жумалыктын ачылышы болуп, Уркуя Салиева атындагы сейил багында аспапчылык күн болот. Анда “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Ал эми саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгресси башталат. Конгресске Индия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан,Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Россиянын Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы, Алтай Республикасы, Бангладеш, Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышат”, – дейт ал.

Жаманкулов белгилегендей, конгресстин максаты – ааламдашуу доорунда салттуу музыкалык искусствонун сакталышын, өркүндөтүлүшүн, мазмундук, формалык жактан трансформацияланышын жана анын тарыхый, маданий, философиялык, социалдык маселелерин талкууга алуу болуп саналат.

“Салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган жумалыктын өзгөчөлүгү анын программасына буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин камтылышы. Жумалыктын алкагында дастан, күү, ыр күндөрү өткөрүлүп, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат. Жумалык эл аралык масштабда өтүп, жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдарынын келүүсү күтүлүүдө. Алгачкы 20дан ашык коногубуз келишти. Алыскы чет мамлекеттердин илимпоздору конференцияларга онлайн режиминде катышат”, – деди министр.

Министр ошондой эле жумалыктын ишинин жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынып, материалдардын жыйнагы чыгарыларын кошумчалады.

Kategoriler
Kabar

Азия чемпионаты: Тынар Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Тынар Шаршенбеков өзүнүн 63 кг салмагында мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Анда өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен килем үстүнө чыкты. Алгач кыргызстандык балбан атаандашын көтөрүп чаап, беш упай топтой алды. Көп өтпөй өзбекстандык спортчу Шаршенбековдун белинен бекем кармап, эки-үч ирет оодарып жиберди. Эсеп 7:5ке айланды. Экинчи бөлүктө мекендешибиз Бахрамовдун далын жерге басуу аракети менен эсепти өз карамагына өткөрүп, 13:7ге өзгөрттү.

Тынар Шаршенбеков финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов (77 кг) дагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Kategoriler
Kabar

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов мелдештин жарым финалына чыкты

ишкек, 19.04.22. / Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашат.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Kategoriler
Kabar

Улуттук банк калкты жасалма доллар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу этият болууга чакырат

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Улуттук банктан билдиришкендей, нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

“Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз. Анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет”, – деп айтылат маалыматта.

Kategoriler
Kabar

Элчи Өмүралиев Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Элчи Өмүралиев түрк тарап менен бирге ишке ашырылган жана пландаштырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде студенттер элчиликтин активдүү иш алып барып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти. Өзгөчө коронавирустук пандемия учурунда эки өлкө бийлик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга маалымат берүү жана жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу жаатындагы ишин оң баалашты.

Ошондой эле студенттер Анкарада кыргыз студенттеринин биримдиги түзүлгөндүгү тууралуу маалымат беришип, мындан ары элчилик менен биргелешип ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү менен иш алып баруу ниетин билдиришти.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы студенттерди Кыргызстандын жараны катары элчилик уюштуруп жаткан маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.