Kategoriler
Kabar

Жылына 112 млн сом үнөмдөлөт. Акылбек Жапаров электрондук документке өтүүнү тездетүүнү тапшырды

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров КР президентинин администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды, ага ылайык, мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырылат. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50 %га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи, анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.

Kategoriler
Kabar

Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин конференциясына КРнын катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту, – деп кабарлайт ведомствонун маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушууда тараптар COVID-19 шарттарындагы тамак-аш коопсуздугу жана балдардын коопсуздугу жаатындагы ЮНИСЕФтин долбоорлорун, ошондой эле Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы министрликтин негизги артыкчылыктарын талкуулашты.

Андан тышкары, 2022-жылдын июнь айына мерчемделген Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин 2-аймактык конференциясына Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанга Өзбекстандан 5 миң тоннага жакын аммиак селитрасы алып келинди

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстанга Өзбекстандан 4 миң 977 тонна аммиак селитрасы ташып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аммиак селитрасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык корду түзүү максатында алып келинди.

Анын ичинен Баткен облусуна – 378 тонна, Жалал-Абад облусуна – 819 тонна, Ош облусуна – 819 тонна, Ысык-Көл облусуна – 682 тонна, Нарын облусуна – 200 тонна, Чүй облусуна – 1300 тонна жана Талас облусуна – 779 тонна бөлүштүрүлдү.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу ташылып келинген минералдык жер семирткичтерге болгон баа КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилип, республиканын баардык аймактарында 46,7 сом/кг сатылууда.

Аммиак селитрасын сатып алуу үчүн байланыш телефондору:

Ош облусу «Кара-Суу-Дан Азык» ААКу – Исраилов Алмаз Турдалиевич, тел.: 0772 53-61-93;

Жалал-Абад облусу «Азрат-Айыб» ААКу – Исматуллаев Эркин Эргешович; тел.: 0555 52-11-11;

Чүй облусу «Дан» МИ – Исмаилов Болотбек Сатыбекович, тел.: 0551 30-44-55;

Чүй облусу «Кант Дан Азык» ААКу – Казыбаев Бектур Болотович, тел.: 0555 07-55-55;

Фонддун Түндүк аймактык башкармалыгы – Кожонов Алманбет Кыргызбаевич, тел.:0559 22-59-55, 0558 01-03-70.

Kategoriler
Kabar

Австриядагы элчи Макеев Венадагы советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар койду

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде Австриянын борбор шаарын Советтик Армия бошоткондугунун 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Вена шаарындагы Шварценберг аянтында советтик жоокердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Салтанаттуу аземге КМШга мүчө бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.

Украинанын Венадагы элчилигинин жана туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери таңкы саат 08.00дө өзүнчө гүлчамбар коюшту.

Маалымат үчүн: Венага чабуул 1945-жылы Советтик армиянын чабуул операциясынын бир бөлүгү болуп, 1945-жылдын 5-апрелинен 13-апрелине чейин созулган.

Австрияны фашизмден бошотууда курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Экинчи дүйнөлүк согушта Вена үчүн салгылашта курман болгон 17 миңден ашуун советтик жоокердин элесине арналып жасалган. Советтик Армиянын Баатырларына эстелик катары белгилүү жана Шварценбергплац аянтында жайгашкан. Ал 1945-жылы 19-августта ачылган.

Kategoriler
Kabar

Айбек Артыкбаев Корея элчиси менен экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кечээ, 13-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев корея тараптын демилгеси менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык кызматташуу жана алдыда боло турган Евразиялык экономикалык форумдун маселелерин талкуулашты.

Артыкбаев Форум Бишкек шаарында 2022-жылы КРнын Евразиялык экономикалык бирлигинин органдарында төрагалыгынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу өлкөлөрүнүн катышуусунда өтөөрүн билдирип, буга байланыштуу КР ТИМ башчысынын орун басары Корея Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрүн форумга катышууга чакырды.

Мындан тышкары, министрдин орун басары КРга активдүү инвестициялоого жана Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө чакырды.

Kategoriler
Kabar

КР менен Бахрейндин ТИМ башчылары телефон аркылуу кызматташтыкты талкуулашты

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде бахрейн тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бахрейндин тышкы иштер министри, доктор Абдулатиф бин Рашед Аль-Заянин менен телефон аркылуу сүйлоштү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-бахрейн мамилелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашып, ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу визиттерди уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү аркылуу саясий диалогду бекемдөөгө биргелешкен күч-аракеттерди багыттоо тууралуу макулдашышты.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ, ИКУ жана ШКУнун алкагында эки өлкөнүн ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана өз ара колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле «Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбордук Азия» аянтчасынын негизинде региондор аралык диалогду жана өз ара аракеттенүүнү түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги бир катар негизги маселелерди, анын ичинде Украинадагы кырдаалды талкуулап, дуйнө коомчулугунун алдында турган жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы мусулман Үммөтүнүн биримдигин чыңдоонун жана консолидациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Kategoriler
Kabar

Италиялык компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берилди

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде 120дан ашык италиялык компаниялардын өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялары жана экспорттук потенциалы боюнча өлкө презентациясы болуп өттү, – деп билдирет КР ТИМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча пландалган иштердин алкагында Кыргызстандын тармактык мамлекеттик органдарынын катышуусу менен тааныштыруу жолугушуусу уюштурулду.

КР Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын Италиядагы элчилигинин, Италиянын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Италиянын Соода жана инвестициялар агенттиги («ICE») тарабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын жана Италиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери Т. Базарбаев менен М. Альберти жана Кыргызстандын жана Италиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары А. Артыкбаев менен М. Ди Стефано катышты.

Бул контекстте өлкөнүн презентациясы Кыргызстан үчүн инвестициялык жана соода-экономикалык потенциалынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү жана горизонталдуу өз ара аракеттенүүнү орнотууда дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү экспорттук жана инвестициялык потенциал боюнча презентацияларды жана конкреттүү потенциалдуу инвестициялык долбоорлорго басым жасоо менен Кыргыз Республикасында салттуу түрдө күчтүү болгон (1) текстиль жана тигүү өнөр жайы, (2) айыл чарба, (3) гидроэнергетика жана (4) туризм тармактары боюнча тематикалык презентацияларды көрсөтүү менен болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти.

Чакан жана орто бизнес көбүрөөк өнүккөн Кыргызстандын жана Италиянын географиялык жайгашуусун эске алуу менен, италиялык тарапка Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш регионунун рынокторун өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү менен Кыргызстанда «Made with Italy» бренди менен биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталды..

«Dolce vita» пиццерия түйүнүнүн ээси Джорджио Фонтано Кыргызстанда бизнес жүргүзүү боюнча өзүнчө баяндама жасады.

Италиянын Тышкы иштер министрлиги жана италия компанияларынын чет өлкөлөрдө бизнесин өнүктүрүүсүнө колдоо көрсөтүүчү жана аларга консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик институт болгон Соода жана инвестициялар агенттиги өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогору экендигин белгилешип, өз тарабынан Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү дө италиялык ишкерлерге көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чаранын аягында Кыргызстандын компетенттүү органдары (Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик) италиялык компаниялардын Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу суроолоруна жооп беришти. Мындан ары түз байланышуу үчүн тараптар дарек маалыматтары менен алмашышты.

Кыргыз тарап Италияда өтүүчү тематикалык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге, анын ичинде 2022-жылдын 9-ноябрынан 13-ноябрына чейин Болонья шаарында өтө турган «EIMA International» айыл чарба техникасынын эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырылды.

Kategoriler
Kabar

Руслан Казакбаев ЕБнын БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоодо тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо максатында жакынкы келечектеги келишимдерди жана пландарды ырааттуу ишке ашыруу ниетин ырасташты.

Бул биринчи кезекте пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралар, жолугушуулар, сапарлар.

Мындан тышкары, тараптар Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга даярдыкты талкуулашты.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар регионалдык саясат жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты.

Kategoriler
Kabar

КР ТИМ башчысынын орун басары менен Германия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кечээ, 12-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Германиянын Кыргызстандагы элчиси доктор Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемалары, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча практикалык кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Министрдин орун басары Кемелова тарабынан Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» программасынын жана Кыргыз Республикасынын тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугу боюнча демилгелеринин алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү сунушталды.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жемиштүү кызматташууга умтулууларын ырасташты.

Kategoriler
Kabar

Өмүралиев кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан КРнын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израилдин финансы министри Авидгор Либерман менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимге кол коюу, ошондой эле кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде министр Либерман кыргыз тараптын жогорудагы сунуштарын кароого даяр экендигин билдирип, Израиль тарап айыл чарба тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.