Kategoriler
Kabar

Элчи Аманбаев Кумтөр кени боюнча эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кыргызстадын АКШ жана Канада мамлекеттериндеги элчиси Бакыт Аманбаев Кумтөр боюнча эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди.

Элчиликтен билдиргендей, 2022-жылдын 8-апрелинде Аманбаевдин демилгеси менен Вашингтон шаарында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчысы жана дипломаттары, Рамсфелд фондунун CAMCA Fellowship 2022 программасынын катышуучулары менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда Бакыт Аманбаев Кырызстанда соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен жүргүзүлгөн Конституциялык рефоманын маңызы тууралуу айтып, кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол коюлган келишим тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Өз сөзүндө элчи президент Жапаровдун жетекчилиги менен Кумтөр алтын кени боюнча бир жыл бою сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн, натыйжада өз ара макулдашуу жолу менен келишим түзүлгөнүн маалымдап, анын негизинде Кыргызстан Кумтөр кенин башкаруу жана ага ээлик кылуу укугуна жетишкендигин маалымдады. Жыйындын аягында катышуучулардын ар кандай суроолоруна жооп берди.

Маалымат үчүн: Рамсфелд фондунун CAMCA Fellowship 2022 программасы Борбордук Азия, Монголия, Кавказ жана Афганистандын мамлекеттик органдарынын, аналитикалык борборлорунун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуучуларынын ортосунда күчтүү жеке жана профессионалдык байланыштарды түзүүгө багытталган программа.

Kategoriler
Kabar

“Реал” клубу “Челсини” жеңип, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалында испаниялык “Реал” менен англиялык “Челси” командалары оюн өткөрдү.

Эскерте кетсек, эки команданын алгачкы беттешинде испаниялык клуб “Челсини” 3:1 эсебинде уткан. Ал эми жооптук беттеште 3:2 эсебинде англиялык клуб утуп кетти. Бирок жалпы эсеп 5:4 болуп, “Реал” жарым финалга көтөрүлдү.

Ошондой эле “Вильярреал” командасы “Баварияны” 2:1 эсебинде артта калтырып, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Атлетико” менен “Манчестер Сити” жана “Ливерпуль” менен “Бенфика” командалары 14-апрелде оюнга чыгат.

Kategoriler
Kabar

Корея КРда кен казуу, ГЭС куруу жана өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун (KIAT) президенти Йонг Чоль Сёк менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө текстиль тармагындагы корей-кыргыз технологиялык консультациялар жана тренингдер долбоорунун жүрүшү талкууланган.

“Ошондой эле жеңил өнөр жай тармагындагы келечектүү долбоорлор, атап айтканда Кыргызстанда текстиль өндүрүшү үчүн санариптик технологиялар жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу, тамак-аш өнөр жайы, текстиль технопаркынын курулушу, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана башка тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды”, – деп жазган элчи.

Исмаилова климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүнө байланыштуу Кыргызстанга алдыңкы жашыл технологияларды тартууга көбүрөөк көңүл бурууну сунуштаган.

KIATтын президенти Йонг Чоль Сёк Түштүк Корея өкмөтүнүн чечиминин алкагында Кыргызстан жакынкы 5 жылда ОПР аркылуу гранттык жардам ала турган өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин белгиледи.

“Корея тарап Кыргызстан үчүн алдыңкы технологияларды эске алуу менен кореялык тажрыйбаны берүүгө көңүл бурууга ниеттенүүдө”, – деген Йонг Чоль Сёк.

Мындан тышкары, KIATтын президенти корей тараптын кен байлыктарды казууга, ГЭСтерди курууга, ошондой эле өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Kategoriler
Kabar Uncategorized

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү эки айда $1,3 млрд түздү

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 1,3 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына таянсак,аталган көрсөтүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга көбөйгөн, мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,8 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,9 эсе жогорулады.

“КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 563 млн АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырганда 38,5 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 41,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 37,7 пайызга жогоруланган. Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-февраль айларында Россияга (71,5 пайызга) жана Казакстанга (26,7 пайызга) туура келди”, – деди ал.

Kategoriler
Kabar

ЕРӨБ Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай, Кыргызстандагы ЕРӨБ офисинин директору Айтен Рустамова жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары – ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда энергетика тармагындагы маселелер, ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлор талкууланды.

Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Жужанна Харгитай ЕРӨБ Кыргызстанга ишкердикти, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге ал айыл чарба кластерлерин өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле бир катар пландаштырылган долбоорлорду талкуулашты. Мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Kategoriler
Kabar

Азия кубогуна тандоо. Кыргызстан Мальдив аралдарынын командасын 7:1 эсебинде утту

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Мальдив аралдарынын командасына каршы беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандык футзалчылар Мальдив аралдарынын курамасын 7:1 эсебинде утуп алган.

Буга чейин Түркмөнстан Кыргызстанды 3:1 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-15-апрель күндөрү Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндары өтүүдө. Жалпы 8 өлкө катышууда:⠀

А тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.
B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Жалпысынан турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Kategoriler
Kabar Uncategorized

Айсулуу, Акжол жана Жоламан баштаган спортчулар Азия чемпионатына катышат

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Бириккен күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.

Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке үч спортчу катышат:

  1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
  2. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
  3. Айпери Медет кызы, 76 кг.

Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:

  1. Балбай Дордоков, 55 кг;
  2. Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
  3. Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
  4. Элдияр Сатаров, 67 кг;
  5. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
  6. Акжол Махмудов, 77 кг;
  7. Калидин Асыкеев, 82 кг;
  8. Мелис Айтбеков, 87 кг;
  9. Үзүр Жузупбеков, 97 кг;
  10. Роман Ким, 130 кг.

Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.

Балбандардын тизмеси:

  1. Алмаз Сманбеков, 57 кг;
  2. Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
  3. Алибек Осмонов, 65 кг;
  4. Эрназар Акматалиев, 70 кг;
  5. Ислам Орозбеков, 74 кг;
  6. Арсалан Будажапов, 79 кг;
  7. Саякбай Усупов, 86 кг;
  8. Мирлан Чыныбеков, 92 кг;
  9. Айбек Токтогул уулу, 65 кг (резерв)
  10. Орозбек Токтомамбетов, 70 кг (резерв).
Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда жашыл энергетикага өтүү акырындык менен болуш керек

Дүйнөлүк экономика башында коронаввирус пандмемиясына, андан кийин Украинадагы кырдаалга байланыштуу олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Албетте, мындай кыйынчылыктар Кыргызстанды айланып өтүп кетмек эмес. 2021-жылдын аягы жана 2022-жылдын башында абал жакшыра баштаганы менен февралдан тарта ал кескин өзгөрдү. Валютанын туруксуздугу, андан тышкары азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүнө болгон баанын өсүшү Кыргызстан акыркы айларда башынан өткөргөн окуялардын аз гана бөлүгү. Дагы бир маанилүү көйгөй – күйүүчү-майлоочу май. Бензин жана дизель майдын баасы күн сайын өсүп жатат, электр энергиясындагы абал дагы жакшы эмес. Энергиянын альтернативдүү булактарын издөө жөнүндө көптөн бери айтылып келгени менен азырынча маанилүү аракеттер боло элек.

Ошого карабастан, бул өтө маанилүү маселе жана ал бир нече аспектилерде – экологиялык климатты жакшыртууда жана өз алдынча позицияларды бекемдөөдө маанилүү. Ал эми экологияга келсек, кыш мезгилинде Бишкек абанын тазалыгы боюнча начар көрсөткүчтөрдүн тобуна кирери эч кимге жашыруун эмес. Ага ылайык, коомдук жана улуттук жашыл энергияга өтүү маселеси бышып жетилген. Борбор калаага электробустарды сатып алуу маселеси биринчи жылы эле көтөрүлгөн жок. Ооба, бул кырдаалды жакшырта алат, бирок дүйнөлүк масштабда бул океандагы бир тамчы гана.

КР экономика жана коммерция министри Данаияр Амангелдиев эл аралык энергетикалык форумга катышып жатып, дүйнөдөгү оор шарттарда “жашыл” экономиканы көп векторлуу өнүктүрүү, анын ичинде “жашыл” энергетика призмасы жана жеке сектордун катышуусу менен дагы зарыл болуп баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүшүнүн татаал этабын баштан кечирип жатат. Көптөгөн энергия булактарынын жетишсиздигин жана кымбаттыгын эске алуу менен, салттуу булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактары көбүрөөк орун алууда. Ошондой эле, жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоону кыскартуу боюнча дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен, экономиканы кайра ориентациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелердин ортосунда тең салмактуулукту түзүүгө тийиш болгон экономикалык моделди диверсификациялоо зарылчылыгы түзүлүүдө”, – деп белгиледи ал өз докладында.

Амангелдиев белгилегендей, биз дагы бул моделге системалуу түрдө өтүп, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бирине, башкача айтканда, инклюзивдик жашыл экономиканы жана көмүртектүү газды кыскартууну жигердүү ишке ашырууга, анын ичинде жеке сектордун катышуусуна карай талыкпай иштешибиз керек деп эсептейм.

Белгилей кетүүчү жагдай, жашыл энергетиканы өнүктүрүү концепциясы мындан мурда президент Садыр жапаров тарабынан белгиленген. Муну менен катар жашыл энергетикага байланыштуу бир катар тапшырмалар өлкөнү өнүктүрүүгө гана эмес, анын коопсуздугуна дагы байланышту болгон. Ошентип, мисалы өткөн жылы күзүндө президент Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн күчөтүү боюнча узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча Энергетика министрлигине тапшырмаларды берген:

— суунун агылып келүүсүнүн өзгөрүүсүнөн көз карандысыз түрдө Токтогул суу сактагычында суунун жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу үчүн суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;

— жаңы генерациялоочу кубаттуулуктардын курулушуна, энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын жана “жашыл энергетиканын”, анын ичинде чакан гидроэнергетиканын потенциалын жогорулатууга жеке инвестицияларга стимул берүүчү.

Форумдун жүрүшүндө министр Амангелдиев өткөн жылдын күзүндө энергетикалык тез өтүүнүннатыйжасында Европадагы энергетикалык кризистин мисалы аз көмүртектүү өнүгүү максаттарына жетүү үчүн канчалык кылдаттык менен мамиле кылуу керек экендигинин айкын далили болгонун унутпашыбыз керектигин белгиледи. Анткени, бул альтернативдик энергия булактарынын кризиси эмес, энергетикага өтүүнү пландаштыруу этабында кетирилген каталардын натыйжасы болгон.

“Ошентип, экологиялык жактан таза энергетикалык системаларга өтүү бардык мүмкүн болгон терс кесепеттерди эске алуу менен акырындык менен ишке ашырылышы керек”, – деди министр.

Мындан тышкары, министр Д.Амангелдиев форумдун катышуучуларынын көңүлүн “жашыл” энергетиканын контурун калыптандыруу маселелерине, Экономика жана коммерция министрлиги өлкө “жашыл” экономиканы интеграциялоо саясатын кандайча жүргүзүп жатканына бурду.

“Жашыл” өнүгүүгө прогрессивдүү өтүүнүн 7 приоритеттүү секторунун бири (Кыргыз Республикасында “Жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасы) “жашыл” энергетика болуп саналат, аны өнүктүрүү экономикалык өсүшкө түрткү берет.

КРда негизги отун-энергетикалык ресурстары болуп көмүр, газ, электр жана жылуулук энергиясы жана күйүүчү-майлоочу материалдар саналат.

“Өлкөнүн энергетика системасы көз карандысыз, Борбордук Азиянын энергетика системасы менен параллелдүү иштейт жана жыл сайын 15 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат. Ошол эле учурда экономиканын толук кандуу иштеши үчүн 6 миллиард кВт/саат электр энергиясы аздык кылат. Анын 3 млрд кВт саатын азыр импорттун эсебинен жаап жатабыз. Ал эми жаңы ишканаларды ачуу үчүн 3 млрд кВт саат керектелет. Ошол эле учурда республикада энергетикалык ресурстардын эбегейсиз запастары жана кайра жаралуучу энергия булактарынын жогорку потенциалы бар, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Гидротехникалык потенциал 150 млрд кВт/сааттан ашат, б.а. биз мүмкүн болгон потенциалдын 10% колдонобуз.

Ошондой эле, КРнын аймагы жылына орточо 4,64 млрд МВт/саат Күндөн радиациялык энергия алат. Айрыкча шамалдын энергетикалык активдүүлүгү 1 чарчы метрге 2 МВт/саатка чейин жеткен алыскы райондордо шамал энергетикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар”, – деди Амангелдиев.

Амангелдиев кошумчалагандай, жашыл энергетикага өтүү мамлекеттин, министрликтердин жана жеке коомчулуктун макулдашылган иши менен гана мүмкүн.

Ошондой эле ал белгилегендей, мамлекет инвестиция, инновация жана изилдөө жагынан биздин өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө таянат. “Ошондой эле биздин банктар жашыл өндүрүшкө өтүү жана өлкөдөгү иштеп жаткан технологияларды модернизациялоо үчүн финансылык стимулдарды сунуштайт деп ишенебиз. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз мындан ары да өлкө үчүн бул маанилүү тармакка жигердүү салымын кошо беришет”, – деди министр.

Бүгүнкү күндө бир катар инвесторлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлорду, анын ичинде күн электр станцияларын, шамал электр станцияларын жана чакан ГЭСтерди курууну демилгелөөгө жогорку кызыгуусун көрсөтүшүүдө. Азыркы учурда МЖӨ долбоорлорунун бир катар демилгелери активдүү иштеп чыгууда.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда эркектер пенсияга чыккандан кийин 14, аялдар 22 жыл жашайт

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Эркектер пенсияга чыккандан кийин орточо эсеп менен 14, ал эми аялдар 22 жыл жашайт. Бул тууралуу парламенттик угуулардын жүрүшүндө Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, пенсионердин орточо жашоо узактыгы эркектер үчүн 74 жашты, аялдар үчүн 81 жашты түзөт.

Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, пенсионерлердин эң көбү Ош облусуна туура келет (141 миң 686 адам), анын кийин Жалал-Абад жана Чүй облустары турат.

Kategoriler
Kabar

Элчи Исмаилова Кореянын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитеттин төрагасы Пак Чон Су менен жолукту. Бул тууралуу Аида Исмаилова өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы жылдарга Кыргыз – Түштүк Корея кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды.

Кадр потенциалын, инфраструктураны жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, ошондой эле айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика, экология, билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Комитеттин төрагасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мультипликативдик мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону Кыргыз – Түштүк Кореялык эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө кошумча дем берерин белгиледи.

Өз кезегинде, Исмаилова Корея Кыргызстан үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин билдирип, бул Кыргызстанды Түштүк Кореянын өкмөтү өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү менен тастыкталарын айтты.

Ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жана өз ара сапарлардын жыштыгын жана эки тараптуу мамилелердин бардык деңгээлдеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.