Kategoriler
Kabar

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын м.а. болуп дайындалды

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Kategoriler
Kabar

Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган балбандар Бишкекке келди — сүрөт

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 12-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов жана грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоламан Шаршенбековду тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Илязбек Балташев улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында өттү.

Кыргыз балбандары эки алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушкан:

1-орун – Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү, 62 кг;
1-орун – Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү, 68 кг;
2-орун – Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү, 60 кг;
2-орун – Эрназар Акматалиев, эркин күрөш, 70 кг;
3-орун – Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 76 кг;
3-орун – Алибек Осмонов, эркин күрөш, 65 кг.

Ошондой эле күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү.

Kategoriler
Kabar

Президент Жапаров Кыргызстандагы тоолуу биоартүрдүүлүктү коргоо чаралары тууралуу айтып берди

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү тоолуу биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы, бүгүн, 12-октябрда, Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесиндеги (КС-15) видеокайрылуусунда белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнүн улуу Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасири күн өткөн сайын көбүрөөк сезиле баштады.

«Бул себептен улам, кызыкдар мамлекеттер менен бирге иштешип, тоонун биотүрдүүлүгүн коргоо үчүн адаптациялоо чараларын көрүп жатабыз. Ак илбирс асыл жаныбарларынын тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө ийгиликтүү эл аралык демилге болуп саналат.

Эске салсам, өлкөбүз 2013- жана 2017-жылдары ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча дүйнөлүк форумдарды өткөргөн. Жакында БУУнун Башкы ассамблеясы биздин демилгени колдоп, „Табият чек араны тааныбайт“ аталышындагы резолюцияны кабыл алды. Анда ошондой эле БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясын натыйжалуу аткаруу үчүн көп тараптуу кызматташуунун мааниси белгиленген», — деп айтты президент.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүт эмүүчүлөрдүн он беш түрү, канаттуулардын жыйырма алты түрү, курт-кумурскалардын жүз элүүгө жакын түрү жана башка омурткасыздардын отуздан ашык түрү жок болуу коркунучунда турат.

«Өлкөнүн кызыл китебине кирген көптөгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр үчүн биздин өлкөдө өзгөчө жаратылыш аймактарын коргоого жана тоо токойлорунун көбөйүшүнө артыкчылыктуу көңүл бөлүнөт.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык, БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын алкагында биз корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Биз ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун алдында тоо токойлору боюнча атайын максаттуу программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну колдойбуз.

Буга байланыштуу мен БУУга мүчө-мамлекеттерге жана БУУнун Башкы катчысына Кыргызстандын жогоруда айтылган эл аралык демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылам», — деп белгиледи президент.

Kategoriler
Kabar

Бишкекте V түрк тасмалар жумалыгы өтөт

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 16-20-октябрь күндөрү V түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу КР Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Түркиянын Маданият жана Туризм министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин салымы жана Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже” ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Саамалык “Манас” кинотеатрында режиссер Мехмет Ада Өзтекин тарабынан тасмага түшүрүлгөн “7-Камерадагы мужиза” тасмасын көрсөтүү менен башталат. Ошондой эле “Баскетбол шакекчеси”, “Маузер”, “Сүйүүнүн өмүрү” жана анимациялык “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” тасмалары акысыз көрсөтүлөт.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандык спортчулардын Дүйнө чемпионатынан кийин рейтинги көтөрүлдү

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган.

Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты.

Чемпионатта алтын уткан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин үчүнчү орунунан экинчи сапка көтөрүлдү. Биринчи орунда америкалык Тамира Менса турат. Менса Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Ослодо коло байге жеңген Айпери Медет кызы (76 кг) бир сапка көтөрүлүп, төртүнчү орунга жайгашты.

Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон Жоламан Шаршенбеков үчүнчү сапка, эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев (күмүш медаль) тизменин үчүнчү орунуна, коло байгенин жеңүүчүсү Алибек Осмонов тогузунчу сапка көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан барган.

Kategoriler
Kabar

Түркиядагы элчи Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн региондорунун кызматташуусу, ошондой эле Бурса аймагында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Л.Сыдыкованы жана жаңы дайындалган Кыргызстандын Бурса аймагындагы Ардактуу консулу Б.Тутушту тааныштырды.

Иш сапарынын жүрүшүндө элчи К. Өмүралиев Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугушту. Жолугушууда элчи мэрди 2022-жылы Бурсанын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп тандалышы менен куттуктады.

Өнүгүү жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун алкагында тараптар Бурса шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү зарылдыгын белгилешти.

Боордоштук байланыштарды чыңдоо үчүн Бурса шаарында парк ачуу боюнча макулдашышты.

Kategoriler
Kabar

Статистика: Акыркы суткада 93 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 51, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 672 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 429 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 198 киши айыгып чыкса, 2 миң 622 адам каза болду.

Kategoriler
Kabar

Жылдыз Бакашова Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциумунун өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциумунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Делегацияны «РусГидро» ААК директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бирдиктүү энергетикалык тутум илимий-техникалык кеңешинин төрагасы, «Москва энергетикалык институту» (МЭИ) Улуттук иликтөө университетинин ректору Николай Рогалев жетектейт.

Бакашова билдиргендей, МЭИ советтик мезгилде Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультети үчүн илимий кадрларды даярдоо боюнча базалык ЖОЖ болуп саналган. Ошондой эле ал белгилегендей, эки өлкөнүн Техникалык университеттер консорциумун түзүү өз учурунда жана туура кабыл алаынган чечим болуп саналат.

«Аталган биримдик негизделген күндөн тарта билим берүү чөйрсүндө биргелешкен програмаларды ийгиликтүү ишке ашырып, ал боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар республикада талап кылынган адистиктер боюнча россиялык ЖОЖдордо билим алууну улантууда. Консорциумга кирген ЖОЖдордун күч-аракети менен көптөгөн кыргызстандыктар россиялык билим алып, өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө жана достук мамилелердин чыңдалышына өз салымын кошууда», – деди Жылдыз Бакашова.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын жогорку билим алуу жана илимий ишмердүүлүк менен алектенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн илимий жана педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле энергетика, тоо-кен, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу республика үчүн эң керектүү багыттарда инженердик кадрларды даярдоо маселеси да көтөрүлдү.

Мындан тышкары, тараптар адистердин даярдыгын кеңейтүү (аспирантура, докторантура) жана квалификациясын жогорулатуу тууралуу макулдашты.

Маалымдама: Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциуму 2013-жылы эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин колдоосу астында түзүлгөн жана россиялык жана кыргыз ЖОЖдорунун ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат. Бул бирикме өзүнө Россиянын 36 жана Кыргызстандын 17 жогорку окуу жайын камтыйт.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан Дубайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстан Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 30-сентябрда башталган, анда 180 ашуун өлкөнүн өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышууда. Көргөзмө «Акыл-эсти бириктирүү аркылуу жаркын келечек курабыз» чакырыгы астында өтүүдө.

Болжолдонгондой, Кыргызстандын павильону 6 ай бою көчмөн жашоо үлгүсүнө негизделген кыргыз элинин маданиятын, салт-санасын тартуулаган экспозицияны сунуштамакчы. Көрүүчүлөр үчүн виртуалдык турга чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, экспозиция видео жана маалыматтык материалдарды көрсөтүү аркылуу туризмди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. Ошондой эле стендде кургакчыл аймактарды сугат менен камсыздоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери жана алардын продукциялары сунушталат.

2021-жылдын 14-декабрында маданий жана ишкердик программалар камтылган Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өткөрүлөт. Ишкер программанын алкагында кыргыз-араб бизнес форуму, кыргыз экспорттук продукцияларынын көргөзмөсү жана туристтик форум өтөт.

Kategoriler
Kabar

Бишкекте биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары өттү

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын расмий иш сапарынын алкагында биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары өттү.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев белгилегендей, сөздүк 1 миңден ашык окшош сөздөрдү өзүнө камтыйт.

“Мындан тышкары, кыргыз жана индия тараптары маданий мурастарды сактоо боюнча, ошондой эле биргеликте археологиялык казууларды жүргүзүү жолу менен тарых жана маданият эстеликтерин, коруктарды, кол жазмаларды ж.б. коргоо жөнүндө келишимге жетишишти”, – дейт ал.

Белгилүү болгондой, сөздүк Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан түзүлгөн.