Kategoriler
Kabar

Сиань шаарында Кыргызстан жана Казакстан ТИМ башчылары жолукту

Бишкек, 12.05.21 /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин Экинчи кеңешмесинин аянтчасында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстан премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев казак тарапты 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды аткаруу ниетин кыргыз тарабы кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген биридиктүү пикирди билдиришти.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мухтар Тлеуберди кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяны жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоп, казак тарап кырдаалды мындан ары турукташтырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана чыр-чатактан жабыркаган Кыргыз Республикасынын Баткен областынын тургундарына жардам берүүгɵ даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-казак күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Өз кезегинде Министр Р.Казакбаев казак кесиптешин Кыргыз Республикасына ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды, маектеши бул чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Kategoriler
Kabar

КРдагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык келишимдерди сактоо керек — Дүйнөлүк банк

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык келишимдерди сактоо керек. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган келишимдер бузулган кезде бул башка инвесторлор үчүн белги болушу мүмкүн.

«Башкалар инвестиция салуудан мурда эки же үч ирет ойлонушат», – деп, учурда инвесторлор үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын жана кепилдик бере турган оюндун шарттарын иштеп чыгуу маанилүү экендигин кошумчалады.

«Биз Кыргызстандын президенти менен жолуккан кезде ал негизги басым инвестицияга жасала тургандыгын айтты. Биз бул үчүн туруктуу укуктук аянтчаны көргүбүз келет», – деди Бурунчук.

Kategoriler
Kabar

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда электр энергиясына тарифтин баасын көтөрүүнү колдойт

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда электр энергиясына тарифтердин баасын көтөрүү тууралуу чечимди колдойт. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясына тарифтердин баасын көтөрүү зарыл, анткени өлкөдө чөлкөмдөгү электр энергиясына эң төмөн баа болуп саналат. Мындан тышкары, Анна Бьерде дагы бир себеп азыркы тарифтер чыгымды жаппай турганы болуп саналарын билдирди.

“Мен билгенден чыгымды жабуу төмөн. Бир гана бөлугү жабылат”,-деди ал.

Дүйнөлүк банктын вице-президенти белгилегендей, тарифтин төмөн болушу керектөөнүн жогору болушун шарттайт, ага ылайык бул электр энергиясын натыйжасыз колдонуу болуп саналат.

“Көп төлөй ала тургандар көп колдонушат. Тарифтин төмөн болушу керектөөнүн жогорулашын шарттайт”,-деди ал.

Ошондой эле, Анна Бьерде муктаждарды колдоону көздөгөн тең салмактуулукту жана электр энергиясын көп керектөөгө түрткү бербеген босого коюга оң баасын берди.

“Биз жакырчылык көбөйүшүн каалабайбыз да. Аз камсыз болгондор үчүн кирешени аныктоого жардам берүүнү сунуштадык. Биз тариф реформасын колдойбуз, анткени Кыргызстанда тарифтердин баасы эң эле төмөн. Ал эми энергетикалык тармактын туруктуулугун камсыздоо үчүн тарифтердин баасын көтөрүү зарыл”, – деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча директору Лилия Бурунчук Кыргызстан электр энергиясын калыбына келтирүү булагы боюнча ири мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин, бирок анын өнүгүүсү үчүн тармактын абалы жакшы болушу керектигин кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө бюджетке түшө турган жана керектүү багытка жумшала турган каражат электр тармагына кетип жатат. Өлкөнун карызынын 40%ы электр тармагына кетти. Мындан тышкары, инфраструктуранын жарымынан көбү эскирди. Биз сапаттардагы жана өчүрүүлөрдөгү көйгөйлөрдү көрүп жатабыз. Көйгөй барган сайын начарлай берет. Тарифтерди көтөрүү менен бул тармакты инвестиция кылууга мүмкүн болот”,-деди Бурунчук.

Kategoriler
Kabar

Бишкекке эл аралык эксперттер келди. Алар COVID-19дун түрдүү вариацияларын аныктоону үйрөтүшөт

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. 10-майда Бишкекке Берлин Шарите университетинин, Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык жана вектордук оорулар институтунун жана Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коомунун) Германия тарабынан каржыланган биргелешкен медициналык миссиясы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жети адамдан турган медициналык миссияны Берлин Шарите университетинин профессору Дрекслер жана Марциновский институтунун директору, профессор Лукашевдер жетектешет.

Миссиянын ишинин негизги багыттарынын бири – бул Кыргызстандагы лабораторияларда коронавирустун ар кандай вариацияларын аныктоого үйрөтүү. Ушул максатта миссия биринчи кезекте коронавирусту ырааттуулук жана анализдөө жаатында колдоого алынуучу Улуттук маалымдама лабораториясы менен кызматташат.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери диагностика жана биологиялык коопсуздук боюнча окутуулардан өтүшөт. Техникалык тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берүүдөн тышкары, 50 миң ПЧР-тесттери жана экстракция топтому Кыргызстандын лабораторияларына берилет. Миссия ошондой эле керектүү тренингтер үчүн вирустук вариацияны ырааттуулукка келтирүүчү реагенттер менен камсыз кылат.

Пандемиянын олуттуу кесепеттеринен улам, Германия буга чейин Кыргызстанга кычкылтек жабдууларын, коргоочу кийимдерди, ПЧР-тесттерди, керектелүүчү материалдарды жана гигиеналык каражаттарды алып келген. Германиянын каржылоосу менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананын тез жардам бөлүмү COVID-19 менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн 2020-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилген.

Коронавирус пандемиясына каршы күрөштө Германия биринчи кезекте көп тараптуу өнөктөштөргө таянат. 2020-жылы Федеративдик Республика Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өз салымын 500 миллион еврого же болжол менен 50 миллиард сомго чейин көбөйттү. 2021-жылдын февраль айында Германия ACT-A же COVAX эл аралык эмдөө демилгесин глобалдык иш-аракеттери үчүн 1,5 млрд евро кошумча каражат менен камсыз кылды. Ошентип, Германия COVAX демилгесинин эң ири донору катары саналат.

Германия ошондой эле Балдар фондуна (ЮНИСЕФ), Эл аралык саламаттыкты сактоо фондуна (GFATM), Дүйнөлүк банкка жана Азия өнүктүрүү банкына дүйнөдөгү ири донорлордун бири. Мындан тышкары, Германия Кыргызстан менен саламаттыкты сактоо жана экономикалык өнүгүүнү илгерилөө багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкка катышат.

Kategoriler
Kabar

Түштүк Корея менен Кыргызстан саламаттыкты сактоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 11-майында КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына иш сапары менен барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы президенти доктор Юн Донг Суп, Сеулдун клиникалык лабораториясынын төрагасы доктор Ли Кён Рюл жана академиялык жана эл аралык иштер борборунун директору, профессор Ан Шин Ги менен жолугушту. Бул туралуу КРнын Кореядагы эдчилиги билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү коронавирусуна байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жана өкмөтүнүн клиникалык ооруканасы менен өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу аркылуу байланыш түзүүнү сунуштады. Ошондой эле элчи Кыргызстандын аймагындагы саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуштады, анын ичинде, курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун долбооруна.

Ысык-Көл облусундагы биргелешкен диагностикалык борборлордун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.

Тараптар биргелешкен операциялар, медициналык персонал менен алмашуу жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу зарылдыгын белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Kategoriler
Kabar

Кытайда Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” тышкы иштер министрлердин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстанстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Казакбаев кесиптешин 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген пикирди билдиришти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулап, 2021-жылдын башында уюштурулган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш сапаралардын жана иш-чаралардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти: КР президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш-сапары, кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны, эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 9-жыйыны.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргызстанга ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан менен БАЭнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 10-майында Эмираттар тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Сайег менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БАЭнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана эки тарапты кызыктырган тармактарда аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн турак жайларды курууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н. Ниязалиев жана мамлекеттик министр А. Али Сайег бири-бирин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттукташты. Телефондук сүйлөшүүнүн аягында Нуран Ниязалиев Ахмед бин Али Сайегди ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Эмират тарап чакырууну кубануу менен кабыл алды.

Kategoriler
Kabar

Бишкекте томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга гумжардам берилди

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкекте томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган 500 балага гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

“Азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы “Аль-Махтум” фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле “Жаркын жаштар келечеги” фондунун салымы чоң”, – деди ал.

Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар улантыларын белгиледи.

Kategoriler
Kabar

Жаш балбандар Казакстандагы эл аралык мелдеште 3 медаль тагынды

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү Казакстанда өткөн Жаксылык Ушкемпировдун элесине арналган эл аралык мелдеште 3 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 7-9-май күндөрү Нур-Султан шаарында өттү.

82 кг чейинки салмак категориясында Бекзат Орункул уулу 1-орунду ээледи. Ал эми Аркыт Орозбеков (97 кг) жана Давран Садыков (130 кг) күмүш медаль тагынышты.

Мелдеште Казакстан, Россия, Грузия, Украина, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 250дөн ашык спортчу күч сынашты.

Kategoriler
Kabar

Элчи Абдылдаев Берлиндеги Жеңиш күнүнө арналган иш-чарага катышты

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кечээ, 9-майда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 76 жылдыгына карата Трептов жана Тиергартен сейил бактарындагы советтик аскердик мемориалдарга гүлчамбарларды койду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчылары, Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер федералдык министрлигинин статс-катчысы Мигель Бергер, ошондой эле бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү, элчиликтердин кызматкерлери жана Берлин шаарынын тургундары катышты.

Ошондой эле кечээ, 9-майдагы Жеңиш күнүнө карата гүлчамбарларды коюу аземи Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында да болуп, ага Кыргызстандын консулу Данияр Төлөгөнов катышты.